Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Март, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 11:48

Коопсуздук чараларын көрүүгө коомчулук тартылууда


БИШКЕК. 25-марттан тарта Бишкекте коопсуздук чараларын көрүп, талап-тоноолорду токтотуу үчүн Ички иштер министрлигинин кызматкерлеринин атайын 5 бригадасы түзүлдү. Андан тышкары тартипке көзөмөл жүргүзүү үчүн атуулдардын өз ыктыярдуу элдик кошундары түзүлө баштады. Элдик кошуунда иштөөнү каалаган атуулдардын көмөктөшүүсүн өтүнгөн кулактандыруу Улуттук телеканал аркылуу берилээр менен Ички иштер министрлигинин жанына күндүзгү
саат 10дон кечки 4кө чейин жүздөгөн адам чогулду. Өлкөдөгү кооптуу кырдаалга байланыштуу 25-мартта «Жаңы багыт» кыймылы билдирүү таратты. Анда коомдук тартипти калыбына келтирүү үчүн кыймыл ЕККУнун көмөгү менен 220 адамдан турган элдик кошун түзгөндүгүн жана алар ысык тамак, күнүмдүк кереги үчүн каражат менен камсыз болорун жарыя кылды. Жаштардын «Кел-кел» уюму менен бейөкмөт уюмдар коалициясы да 200 адамдан турган 50 топ түзүп, ири жайларды коргоого алды. Ал эми 24-марттын түнү Улуттук коопсуздук кызматы дүкөндөрдү талап-тоногон 50дөн ашык адамды колго түшүрдү. Азыр аларга каршы кылмыш иштери ачылып, тергөө башталды.

XS
SM
MD
LG