Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:27

Президенттин милдетин аткаруучу жардыктарын чыгарды


БИШКЕК. Кыргызстандын президентинин жана өкмөт башчысынын милдетин аткаруучу Курманбек Бакиев 25-мартта алгачкы бир нече жардыкка кол койду. Анын негизинде Кыргызстандын мамлекеттик катчылыгына Дастан Сарыгулов, президенттик администрациянын жетекчилигине Үсөн Сыдыков, Ош облусунун губернаторунун милдетин аткарууга Анвар Артыков, Жалалабат облусунун губернаторунун милдетин аткарууга Жусупжан Жээнбеков, Чүй облусунун губернаторунун милдетин аткарууга Тургунбек Кулмурзаев жана Башкы прокурордун милдетин аткарууга Азимбек Бекназаров дайындалышты. Андан тышкары Ички иштер министринин милдетин аткарууга Мыктыбек Абдылдаев, Юстиция министринин милдетин аткарууга Эркинбек Мамыров, Коргоо министринин милдетин аткарууга Исмаил Исаков, транспорт жана коммуникация министринин милдетин аткарууга Ишенбай Кадырбеков, Тышкы иштер министринин милдетин аткарууга Роза Отунбаева жана президенттин иш башкаруу башкармасынын жетекчисинин милдетин аткарууга Акылбек Дүйшөмбиев бекитилди.

XS
SM
MD
LG