Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:08

Митингге чыккандардын ачуусу басыла элек


БИШКЕК. 25-мартта эртең менен 10 миңге чукул адам Жогорку Кеңештин имаратынын алдына барып, имарат ичине кирүүгө аракет кылышты. Алар муну менен парламенттин Жогорку Кеңешке шайлоону жокко чыгарууну талап кылышып, имаратты жаңы депутаттардан тазалоого аракет кылышты. Алар андан тышкары эски парламенттин элдин шайлоону жокко чыгарсын деген талабын аткарбай жаткандыгына нааразылык билдиришти. Парламенттик шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгон эл жер-жерлердеги пикет, митингдерде шайлоонун жыйынтыгы жокко чыгарылсын жана президент кызматтан кетсин деген башкы эки талапты коюшкан болчу. Ал эми шайлоонун жыйынтыгы жокко чыгарыла турган болсо, жаңы депутаттардын жактоочулары да нааразылык акцияларына чыгып, каршылашуу күч алаары 24-мартта мурдагы жана кийинки парламентарийлердин жыйынында айтылган.

XS
SM
MD
LG