Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:47

ООНдун комиссиясы Хариринин өлүмүн иликтеп чыгууга чакырды


Комиссиянын бейшемби күнкү таркаткан отчетунда Ливанда түзүлгөн жагдай үчүн жоопкерчилик Сирияга жүктөлгөн жана экс-премьер Рафик Хариринин өлүмүн эл аралык иликтөөгө алуу зарылдыгы айтылат. Британиянын ООНдогу элчиси Жоунс Пэрри отчеттогу маалыматтар менен сунуштар катуу тынчсызданууну пайда кылганын ырастап, коопсуздук кеңешин эл аралык иликтөө өткөрүү идеясын колдоого чакырды. Эгер маселе колго салынса,аны Британия жактай турганына Пэрри ишенич билдирди. Ливан президенти Эмил Лахуд ООНго кайрылып, Хариринин өмүрүнө зобун болгондорду табуу үчүн бардык мүмкүнчүлүктөрдү пайдаланууга чакырган эле.

XS
SM
MD
LG