Арменияда визит менен жүргөн орус президенти Владимир Путин Кыргызстандагы кырдаалга кайрылып, соңку окуялар Москва үчүн күтүүсүз иш болбогонун, постсоветтик аймактагы дагы бир өлкөдө саясий маселелер, тилекке каршы, мыйзам жолунда чечилбегенин белгиледи. Путин кыргыз оппозициясы кырдаалды жөнгө саларына ишенич билдирип, оппозициялык лидерлердин көбү Москвага жакшы тааныш адамдар экенин, Россия менен Кыргызстандын мамилелерин өнүктүрүүгө алар ар тараптуу көмөк көрсөткөнүн ырастады. Ал эми Аскар Акаев Россияга келүүнү кааласа, биз буга каршы болбойбуз, менимче, ушундай болуп калышы да толук ыктымал, деп айтты Путин.