Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Январь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 04:22

Бишкек шаары көзөмөлдөнүүдө


БИШКЕК. 25-март күнү кечинде жүздөгөн белгисиз жаштар тарабынан өкмөт үйүн талоонго учуратууга аракеттер жасалган. Бирок ал жерде турган элдик кошуундар тарабынан алар имараттан сүрүлүп чыгарылган. Күч органдарынын айтымында, кандайдыр бир топтун азгыруусу менен миңдген адамдар “Айчүрөк” дүкөнүн талоого багыт алганда айрым депутаттар тарабынан токтотулуп калган. Биздин редакцияга Байтик көчөсү менен Бөкөнбаев көчөсүнүн кесилишиндеги соода түйүндөрүнө, 8-кичи районундагы майда соода түйүндөрүнө жана башка ар кайсы райондордо талап тонооолор болуп жаткандыгы тууралуу түн жарымында маалыматтар келип түштү. Жакын жерде ар түрдүү куралдан ок атуулардын үнү угулуп турду. Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынан алынган маалымат боюнча учурда элдик кошуундар менен милиция кызматкерлери Бишкек шаарында тартипти жөнгө келтирүү аракетин жасап, баардык иш чараларды көрүүдө.

“Азаттык” үн алгысынын кызматкери түн жарымында шаар көчөлөрүндө болуп, автоунаа менен элдик кошуун мүчөлөрү жана милиция кызматкерлери тартипти жөнгө салып жүргөндүгүнө күбө болгондугун билдирди.

Ал эми Бишкек шаарында таза суу чыгуучу жерге уу кошулган, ысык суу берилбейт, нан тартыш болот, жанар май жок деген жалган маалыматтар пайда болууда.

XS
SM
MD
LG