Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:51

Эл өкүлдөр жыйыны жаңы төрага шайлады


БИШКЕК. 26-мартта Эл өкүлдөр жыйынынын сессиясында Муратбек Мукашев палатанын төрагасы болуп шайланды. Ал эми мурунку төрага Алтай Бөрүбаев төрагалыктан бошотуу тууралуу арызын берген. Бул күнү депутаттар жума күнү кечинде өлкөнүн Мыйзам чыгаруу жана Сот бийлиги кабыл алган меморандумду талкуулашып, аны жокко чыгарышты. Эл өкүлдөр жыйынынын депутаты Болотбек Байкожоев ал меморандумга палатанын төрагасынын орун басары Сооронбай Жээнбековдун кол коюуга эч кандай укук берилбегенин билдирди. Өкмөт башчысы жана президенттин милдетин аткаруучу Курманбек Бакиев да, Конституциялык соттун төрайымы Чолпон Баекова да меморандумга шашылыш түрдө кол коюлуп калганын белгилешүүдө. Ал меморандумда талаш туудурбаган округдар боюнча жаңы Жогорку Кеңештин депутаттарынын легитимдүүлүгүн таануу каралган эле.

XS
SM
MD
LG