Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:24

Бакиев президенттик шайлоого катышаарын жарыялады


БИШКЕК. 26-мартта алгачкы маалымат жыйынынын өткөргөн өлкөнүн президентинин милдетин аткаруучу Курманбек Бакиев 26-июнга белгиленген президенттик шайлоого катышаарын билдирди. Анын айтымында, азыркы эң башкы максат өлкөдө тартипти сактоо, жазгы талаа жумуштарын ийгиликтүү өткөрүү. Кыргызстандын президентинин милдетин аткаруучу Курманбек Бакиевге кол салуу даярдалып жатат деген маалымат чыккандыгына байланыштуу анын маалымат жыйыны өкмөт үйүндө эмес, Улуттук коопсуздук кызматынын имаратында өткөрүлдү. Президенттин милдетин аткаруучунун басма сөз катчысы Елена Севчикова «Бизде Бакиевдин өмүрүнө кол салуу даярдалып жатат деген маалымат бар. Ошондуктан маалымат жыйыны башка жерге которулат», деп журналисттерге мурдараак билдирген эле.

XS
SM
MD
LG