Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:48

«Жаңы багыт» кыймылы кайрылуу жолдоду


БИШКЕК. 26-мартта «Жаңы багыт» коомдук-саясий кыймылы менен «Акыйкат жана Прогресс» партиясы Кыргызстан элине кайрылуу жолдошту. Анда борбор калаада башаламандыкка, уурдап-тоноолорго жол бербөө үчүн биргелешип иштөөнүн зарылдыгы жөнүндө айтылган. «Жаңы багыт» кыймылы тарабынан элдик кошуну тарабынан учурда шаардагы Абдылас Малдыбаев атындагы опера жана балет театрын, «Кыргызалтын» мамлекеттик концернин, «Хайат» мейманканасын жана башка объектерлерди коргоого алгандыгы жөнүндө маалымдалган. Кыймыл шаардыктарга элдик кошундарга жазылууга чакырып кайрылды. Элдик кошунга жазылып, шаардагы коомдук тартипти сактоого көмөк көрсөтүп жаткан атуулдар тамак-аш менен камсыздалышууда.

XS
SM
MD
LG