Командачылыктан билдиришкендей, Багдаттын түштүк-батышында аскерлер олтурган машине минага кабылып, жарылып кетиптир. Экөөсү өлүп, дагы эки аскер жарадар болгону айтылды. Ал эми жума күнү Анбар провинциясындагы операция учурунда дагы бир америкалык аскер өлгөн.