Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Октябрь, 2026-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 18:04

АКШлык аскерлердин кылмышын ашкерелеген документ жарыяланды

АКШ армиясы жума күнү жарыялаган1200 барактык документ америкалык аскерлер Ирактын Абу Грэйб түрмөсүнөн бөлөк жайларда да камактагы адамдарды кордоп, шектүү санаган адамдарды уруп-сабаганын күбөлөйт. Ага караганда Ирактын түндүгүндөгү Мосул шаарында бир адам аны аскерлер тез-тез отуруп-тургузуп кыйнагандан кийин жүрөгү чыдабай каза болгон. Бул документте АКШ армиясы 2002-жылдын августунан 2004-жылдын ноябрына чейин Иракта жана Ооганстанда камакта жатып мерт болгон 27 кишинин өлүм себебин иликтенген.
​
XS
SM
MD
LG