Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:54

Ливанда калаба уланууда


Кечээ шамдан кийин Бейруттан тарса-христиандар жашаган бөлүгүндө катуу жардыруу болду. Ливан полициясы жардыруу Бейруттун чыгышындагы өнөр жайлуу Диквана бөлүгүндөгү жеңил тутанып кетчү заттарды чыгаруучу ишкананын жанында жардырылганын кабарлады. Өрт өчүрүүчүлөрдүн билдиришинче, бир нече имаратты каптаган өрт жайылтпай араң токтотулган. Арабдардын “ал-Арабия” жана “ал-Жазиира”телеканалдары Ливандын коопсуздук кызматынын атын атабаган өкүлүнө шилтеп, автомобилге коюлган бомба жарылганын кабарлады. Өткөн аптада да Бейруттан тарсалар жашоочу бөлүгүндө эки ирет бомба жарылып, ондон ашуун киши набыт болгон.

XS
SM
MD
LG