Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:10

Кыргыз парламенти президенттик шайлоо 26-июнда өтсүн деп чечти


Шайлоого дейре эски парламент өз ишин уланта берээрин ишемби күнү Эл өкүлдөр палатасынын төрагасы болуп шайланган Муратбек Мукашев маалымдады:


-Эл өкүлдөр жыйыны жана Мыйзам чыгаруу жыйыны 2005-жылдын 26-июнуна чейин мыйзамдуу калаарын биз туура түшүнүшүбүз зарыл.

Мындай чечим Жогорку сот өткөн айдагы карама-каршылыктуу шайлоодо шайланган депутаттарды каттоону жокко чыгаргандан кийин кабыл алынды.
Жаңы шайланган парламентарийлер мындай чечимди сындашты. Убакытлуу өкмөттүн башчысы Курманбек Бакиев президенттикке ат салышаарын билдирди.

Россиянын маалымат булактары президенттиктен четтетилген Аскар Акаев жума күнү шамдан кийин Москвага келгенин билдирди. Бирок бул кабар ырасмий түрдө тактала элек. Акаев өтүнсө, ага башпаанек берилерин ырасмий Кремль кечээ жарыя кылды.

XS
SM
MD
LG