Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:30

ЕККУнун баш катчысы Кыргызстанда


БИШКЕК. 27-мартта Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун баш катчысы Ян Кубиш эки күндүк иш сапары менен Бишкекке келди. Кубиштин айтымында, Кыргызстан менен ЕККУнун ортосундагы мындан аркы кызматташуунун багыттары тууралуу президенттин милдетин убактылуу аткарып жаткан Курманбек Бакиев жана Феликс Кулов менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт.

Ал эми ЕККУнун төрагасыын өкүлү Алоэс Петрле Кыргызстандагы абалды ыңкылапка чейин эле байкоо жүргүзгөнүн, ыңкылап маалында күбө болгондугун белгилеп, Курманбек Бакиев, Феликс Кулов менен жолугушканын, Кыргызстандын жаңы бийлиги менен ЕККУнун ортосунда байланыш түзүлгөндүгүн билдирди. Анын айтымында, буга чейин Ички иштер министрлигин реформалоо багытындагы программа кайрадан каралат. Жакын арада Кыргызстанга Венадан Ричард Мун жетектеген ЕККУнун делегациясынын келиши күтүлүүдө.

Кыргызстандагы соңку жаңылыктарды Аманбек Жапаров даярдады.

Редактор Кубат Оторбаев.

XS
SM
MD
LG