Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Октябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:11

Борбор шаарда түн тынч өттү


БИШКЕК. Борбордо 26-марттан 27-мартка караган түн тынч болду. Бул тууралуу Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынан билдиришти. Ал эми “Жаңы багыт” коомдук саясий кыймылынын өкүлдөрү уюштурган коомдук тартипти коргоо кошууну Улуттук көркөм өнөр музейин, Опера жана балет театрын, “Кыргызалтын” концернин, Азия өнүгүү банкынын кеңсесин жана башка маанилүү тармактарды кайтарууга алып, эч кандай басып алуу аракетттери болбогондугун билдиришти. Аталган кыймылдын кошуунунун билдиришинче түндө Улуттук хирургиялык борбордун аймагында бир адам борбордун терезелерин талкалоо максатында ташбараңга алганда ыктыярдуу кошуун тарабынан ички иштер бөлүмүнө жеткирилген. Ал эми Эргеш Алиев атындагы Академиянын курсанттары жана офицерлери тартип коргоо кызматкерлери менен Бишкекте коомдук жайлардын коопсуздугу үчүн нөөмөткө турушкандыгын аталган окуу жайдан билдиришти.

XS
SM
MD
LG