Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:00

Кемин районунун Чымкоргон айылында пикет болду


БИШКЕК. 27-мартта эртең менен Чүй облсунун Кемин районундагы Чымкоргон айылында 1000 ашуун адам Бишкек-Торугарт автожолун бөгөп, нааразылык билдиришти. Жарым сааттан кийин автожол ачылып, пикетке чыккандар Кыргыз Улуттук телерадио компаниясынын журналисттеринин келүүсүн жана белгилүү саясатчы Топчубек Тургуналиев “кеминдиктер талоончулар” деп айтыптыр, ошол сөзүнө жооп берсин деген талап коюшту. Чымкоргон айылынын маданият үйүндө 400дөн ашуун адам катышкан жыйын болуп, ага Конституциялык соттун төрайымы Чолпон Баекова, белгилүү саясатчы Топчубек Тургуналиев, экс-министрлер Кеңешбек Дүйшөбаев, Темирбек Акматалиев катышты. Чолпон Баекова элди сабырдуулукка, ынтымакка чакырды. Ал эми Топчубек Тургуналиев “эгерде кызуу кандуулукка алдырып “кеминдиктер талоончулар” деген сөз айтылып кетсе, ал үчүн кечирим сурайм” деди. Ал сөзүндө элди ар кандай чагым салууларга азгырылбашын, ар бир нерсени мыйзам жолу менен чечүүгө үндөдү. Жыйындагылар жаңы өкмөткө бир топ талаптарды коюп, ал талаптарды жаңы өкмөткө жеткирүүнү Чолпон Баековадан өтүнүштү.

XS
SM
MD
LG