БИШКЕК. 27-марттан баштап Жогорку Кеңештин жаңы шайланган парламенти ишке киришти. Жыйын башталганда депутат Азимбек Бекназаров сөз сүйлөп, мурдагы эки палаталуу Жогорку Кеңеш менен кийинки Жогорку Кеңештин баардык депутаттары өздөрүнүн ыйгарым укуктарын токтотуп, мандатын өткөрүп бериши керек деген пикирин айтты.
Бекназаровдун ою боюнча азыркыдай кырдаалда баардык бийликти бир кишиге - президенттин милдетин аткаруучу Курманбек Бакиевге берген оң болот.
Анын мындай сунушуна депутаттар катуу каршы чыгышты. Жыйында Феликс Кулов “мыйзам жаңы шайланган парламент тарапта, каалайбызбы, каалабайбызбы биз жаңы мыйзам менен иштешибиз керек”,-деди Феликс Кулов.
Жыйында Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасынын милдетин убактылуу аткаруучу Туйгуналы Абдраимов жаңы парламентти ишке киргизүү тууралуу БШКнын чечимин окуду.
Жаңыдан шайланган парламенттин биринчи жыйынында ант бербеген депутаттар 27-мартта экинчи жыйынында ант беришти. Ошондой эле талаш-тартыш туудурган ондон ашуун шайлоо участокторунда кайрадан шайлоо өткөрүлө турган болду.
Жыйынга Жогорку Кеңеште жаңы парламентке шайланган 69 депутаттын 53 депутаты катышты. Спикердин милдетин убактылуу аткаруучу Дооронбек Садырбаев жаңы парламент юридикалык жактан күчүнө киргенин белгилеп, жыйынга келген депуттардын ант берүүсүн өтүндү. Жыйында 53 депутат ант беришти.
Жаңы парламенттин дүйшөмбү күнү өтүүчү жыйынында палатанын төрагасы шайланышы ыктымал. Жаңы палатанын экинчи жыйынына №1 Университет шайлоо округунан депутаттыкка шайланган Бермет Акаева, №8 Түндүк округунан шайланган Жыргалбек Сурабалдиев, №57 Кемин шайлоо округунан депутаттыкка шайланган Айдар Акаев жана башка ондон ашуун депутаттар келишкен жок.