Француз президенти Жак Ширак Франция Жапониянын БУУнун Коопсуздук кеңешине туруктуу мүчө болуу мүдөөсүн колдорун кайрадан ырастады. Жак Ширак бүгүн Токиодо жапон премьер- министри Дзюньитиро Коидзуми менен кездешти. Анын соңунан эки лидер биргелешкен билдирүү таратышты. Билдирүүдө алар Түндүк Кореянын өзөктүк курал программасы боюнча алты тараптуу сүйлөшүүлөрдү тезинен кайра калыбына келтирүүгө да чакырышкан.