Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Февраль, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:15

Кытайдын мамлекеттик маалымат каражаттары Тайвандагы демонстрацияны сынга алды


Кытайдын мамлекеттик маалымат каражаттары Тайванда эгер ал көз карандысыздыкка умтулса, Пекиндин ага карата күч колдонууга уруксат берген мыйзамына каршы массалык демонстрация өтүшүн сынга алды. Мамлекеттик "Синьхуа" жаңылыктар агенттигинин жазганына караганда, Тайвандагы жикчил күчтөр муну менен "жаңы тирешүүнү" жаратууда. Кытайдын мамлекеттик маалымат агенттиги ырастагандай, буга Тайвандын калкы да нааразылык билдирген. Демонстрациянын натыйжада жол кыймылы токтоп, өкмөттүн акчасы ысырапка учурады. Тайван полициясынын маалыматына караганда, башкаруучу Прогрессивдүү демократиялык партия тарабынан уюштурулган кечээги демонстрацияга 240 миңдей адам катышкан. Кытай менен Тайван 1949-жылкы граждандык согуштун учурунда бөлүгөн, бирок Пекин аралды өзүнүн бир бөлүгү деп эсептейт.

XS
SM
MD
LG