Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:00

Ливандын президенти өлкө калкын биримдикке чакырды


Президент Эмил Лахуддун бул кайрылуусу алдында башкалаа Бейруттун чыгышында христиандар жашаган аймакта катуу жарылуу болгон эле. Өлкө полициясынын маалыматына караганда андан кеминде беш адам жаракат алды. Ушуну менен соңку бир аптанын ичинде эле Ливандын христиандар жашаган аймактарында үч ирээт жарылуу болуп олтурат. Мындан мурдагы эки жарылуудан үч адам өлүп, 10дон ашуун киши жаракат алган. Мындай жарылуулар Ливан саясий олку-солкулукту баштан кечирип жаткан учурга туш келүүдө. Саясий баш алмандыктар өлкөнүн мурдагы премьер- министри Рафик Харири өткөн айда киши колдуу болгондон кийин башталган. Ливандыктардын көпчүлүгү бул үчүн коңшу Сирияны айыптайт. Дамаск болсо андай айыптоолорду төгүндөп келүүдө.

XS
SM
MD
LG