Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:04

ЕККУ уюму Кыргызстанга жардамын сунуш кылды


Венадан уюмдун басма сөз катчысынын билдиргенине караганда, ЕККУнун өкүлү Алоиз Петерл бүгүн Бишкекте Кыргызстандын президентинин жана премьер-министрдин милдетин аткаруучу Курманбек Бакиев, тышкы иштер министринин милдетин аткаруучу Роза Отунбаева менен кездешип, конституциялык жана укуктук маселени чечүүдө, коомдук тартипти сактоодо, алдыдагы президенттик шайлоону уюштурууда ЕККУнун жардам көргөзүү мүмкүнчүлүгүн талкуулады.

ЕККУнун басма сөз катчысы белгилегендей, уюмдун өкүлү сүйлөшүүлөрдө Кыргызстанда коопсуздук жана демократияны чыңдоо жараянында граждандык коомду аралаштыруу маселесине басым жасады. Кыргызстандын жаңы бийликтери менен сүйлөшүү үчүн бүгүн Бишкеке ЕККУнун башкатчысы Ян Кубиш да келди.

XS
SM
MD
LG