Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Февраль, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:07

Айрым атуулдар жаңы шайланган парламентти таратууну талап кылышууда


БИШКЕК. 28-мартта эки жүзгө жакын адам Жогорку Кеңештин имаратынын алдына нааразылык акциясына чыгышты. Алар жаңы шайланган бир палаталуу парламентти таратууну талап кылышып, депутаттарды Жогорку Кеңештин имаратынын ичине киргизбей жана чыгарбай жатышат. Пикетчилердин пикиринде, жаңы парламент Аскар Акаев баштаган аткаруу бийлигинин олутуу мыйзам бузууларга барган аракетинин натыйжасында шайланган жана мындай шайлоонун жыйынтыгы жокко чыгарылышы зарыл. Ал эми өлкөдөгү айрым саясатчылар жана «Демократия жана жарандык коом үчүн» бейөкмөт уюму жаңы парламенттин ишке киришин колдой тургандыгын айтышууда. Эске сала кетүүчү нерсе, Борбордук шайлоо комиссиясы 27-мартта жаңыдан шайланган парламентти ишке киргизүү тууралуу чечим кабыл алган. Ал эми Кыргызстандын Башмыйзамынын 55-беренесине ылайык Жаңы шайланган парламенттин биринчи сессиясы болгон күндөн тартта мурда шайланган парламенттин ыйгарым укуктары токтотулат.

XS
SM
MD
LG