Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:16

Жогорку Кеңештин кош палатасы ишин токтотту


БИШКЕК. Жогорку Кеңештин Мыйзам чыгаруу жыйыны учурдагы саясий кырдаалды эске алып, өзүнүн ишмердүүлүгүн убактылуу токтотту. Бул тууралуу палата төрагасы Ишенбай Кадырбеков жруналисттер үчүн уюштурган маалымат жыйынында билдирди. Муну Кадырбеков саясий чечим деп атап, ага 25 депутат макулдук бергенин айтты. Анын пикиринде, юридикалык жактан парламентте кош бийлий орноп турат. Анткени президенттик шайлоо белгиленген күндөн баштап Конституциянын 52-беренесине ылайык президенттин милдетин аткаруучу парламентти тарата албайт. Ал эми эски, жаңы парламенттердин жарышып иштеп турушу өлкөдөгү кырдаалды ого бетер курчутат, ошондуктан депутаттар ушундай чечимге келишти деп билдирди Ишенбай Кадырбеков. Өздөрүнүн ыйгарым укуктарын токтотууну ушул эле күнү Жогорку Кеңештин Эл өкүлдөр жыйынынын депутаттары да макулдашты. Буга байланышкан билдирүү 29-мартта таратылаарын депутат Валерий Диль айтты.

XS
SM
MD
LG