Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:22

Жаңы парламент дагы Курманбек Бакиевге добуш беришти


БИШКЕК. Үстүбүздөгү жылы шайланган бир палаталуу парламент 28-мартта өкмөт башчы, президенттин милдетин аткаруучу Курманбек Бакиевди премьер-министрлик кызматка бекитүүгө макулдук берди. Мындай сунушту залда отурган 58 депутаттын ичинен 54 депутат колдоду. 24-марттан кийин Кыргызстандын эски парламенти Курманбек Бакиевдин өкмөт башчылык кызматты аткаруусуна макулдук берген. Кыргызстандын Башмыйзамынын 52-беренесине ылайык мамлекет башчы өз милдетин аткара албай калган учурда президенттик шайлоого чейин анын милдетин өкмөт башчы аткарат.

XS
SM
MD
LG