Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:42

Жөөт депутаттары референдум өткөрүү идеясын колдошкон жок


Израилдин парламенти бүгүн өкмөт башчы Ариэль Шарондун Газа тилкесинен чегинүү планын референдумга коюу сунушуна каршы добуш берди. Шарондун сунушу кабинет жана парламент тарабынан жактырылган. Бирок премьердин оппоненттери маселе жалпы элдик референдумга коюлса, план колдоо таппайт деп үмүттөнүшкөн. Ушул эле күнү Израилдин жетекчилиги Газа тилкеси менен Иордан дарыясынын батыш жээгиндеги чегараларды кайра ачты. Чегара жөөттөрдүн Пурим майрамына байланыштуу 5 күнгө жабылган эле.

XS
SM
MD
LG