Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 10:12

Майкл Жексондун сотуна күбөлөр чакырылмак болду


Калифорния штаты. Поп-жылдыз Майкл Жексондун сотунун жүрүшүндө, сот айыптоочуга ырчыны жаш балдар менен бачабаздык кылганын ырастап, арыз берген күбөлөрдү чакырууга уруксат берди. Айыптоочулар күбө катары беш өсүпүрүмдү чакырышмак болду. Жексон күбө өтчү балдардын биринин үй-бүлөсүнө чатакты сотсуз басуу үчүн 1990-жылдардын орто ченинде компенсация ирети миллиондогон доллар төлөгөн деп айтылууда.
46 жаштагы Майкл Жексонду 2003-жылы 13 жашар баланы бачабаздык кылууга көндүргөн деп күнөөлөнүүдө.

Дүйнөдөгү соңку жаңылыктарды Прагадан Амирбек Азам уулу даярдады.

XS
SM
MD
LG