Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:55

АКШ кыргыз лидери туура багытта баратат деп санайт


Кошмо Штаттары убактылуу өкмөт башчы Курманбек Бакиев жетектеген кыргыз өкмөтү мыйзам чегинде иш жүргүзгөн шартта аны менен кызматташа берээрин Мамлекеттик департаменттин өкүлү Адам Эрели билдирди. Анын сөзүнчө Бакиевди убактылуу президент жана премьер-министр катары эски жана жаңы парламент бекиткени өтө маанилүү:

- Бардык окуялар мыйзамдын чегинде жана кыргыз элинин эркине ылайык өттү. Ошондуктан, эларалык коомчулук аны колдоого алды. Менин оюмча биздин (АКШнын) катышуубуз, ЕККУнун катышуусу жана башка эларалык өкүлдөрдүн катышуусу окуянын туура багытта өнүгүүсүнө жардамдашуу үчүн аябай маанилүү.

XS
SM
MD
LG