Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:17

Аскар Акаев "Эхо Москвы" үналгысы аркылуу суроолорго жооп берди


БИШКЕК. 29-мартта Кыргызстандын кызматтан четтетилген президенти Аскар Акаев Орусиянын «Эхо Москвы» үналгысында "түз ободо" журналисттер менен угармандардын суроолоруна жооп берди. Анда Акаев өзү азыр Московага жакын жерде экендигин жана өкмөт үйүнөн аны алууга жарым саат калганда чыгып кеткендигин билдирди. Андан тышкары бийликти басып алууга оппозиция өкүлдөрү көптөн бери даярданып, ар кайсы аймактардан миңдеген атайын даярдалган адамдарды алып келген деп билдирди. Акаев Кыргызстанда мыйзамдын улуктугу орноп, тартип болуп, өзүнө коопсуз абал түзүлсө өлкөгө кайтып келээрин кабарлады. Ал эми Кыргызстандагы кырдаал боюнча мамлекеттик бийликтин мыйзамдуу жалгыз бутагы Жогорку Кеңештин төрагасы Өмүрбек Текебаев менен гана сүйлөшүү жүргүзүүгө болорун, бийликке мыйзамсыз келген өкмөт менен сүйлөшпөй тургандыгын билдирди.

Ал эми Жогорку Кеңештин төрагасы Өмүрбек Текебаев сүйлөшүүгө өзү жалгыз барбасын, сүйлөшүүнү тутумуна парламенттин, өкмөттүн, саясий партия, бейөкмөт уюм жана маалымат каражаттарынын өкүлдөрү кирген парламенттик топ менен жүргүзүүгө болорун билдирди. Анын айтымында, сүйлөшүүдө бир гана маселе - Аскар Акаевдин президенттик ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу талкууланышы керек.

XS
SM
MD
LG