Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:40

Р.Отунбаеваны шаардык сот актады


БИШКЕК. 29-мартта Бишкек шаардык соту Тышкы иштер министринин милдетин аткаруучу Роза Отунбаевага 1000 сомдук айыппул салган Биринчи май райондук соттун чечимин жокко чыгарды. Мындай маалымат Роза Отунбаеванын адвокаты Нурлан Садыковдон алынды. Анын билдирүүсү боюнча, шаардык сот мындай чечимди мыйзамдардын талабына ылайык кабыл алды. «Анткени, мурдагы бийликтин басымы менен Бишкектин Биринчи май райондук соту негизсиз коюлган айыптардын негизинде чечим кабыл алган болчу», - деди Нурлан Садыков. Биринчи май райондук соту ушул райондун ички иштер бөлүмү ачкан административдик иштин негизинде уруксаат берилбеген митинг уюштуруп, жолдо жүрүү эрежесин бузду жана милицияга баш ийбей койду деп, январь айында айыппул салган болчу.

XS
SM
MD
LG