Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 22:32

«Акыйкат» кыймылы 10 талап койду


БИШКЕК. Кыргызстандагы жоопкерчиликсиз саясатчылардын тобу мамлекеттик төнкөрүш жасап, бийликти Конституция туура келбеген жол менен алмаштырды. Мындай билдирүүнү «Акыйкат» саясий кыймылынын төрагасынын орун басары Кеңешбек Дүйшөбаев 29-мартта АКИпресс агенттигинде өткөн маалымат жыйынында билдирди. Анын айтымында, мындай билдирүүнү «Акыйкат» кыймылынын өкүлдөрү 26-мартта өткөн жыйынында кабыл алып, азыркы бийлик жетекчиси Курманбек Бакиевге 10 талап койду. 31-мартка чейин аткарылсын деген мөөнөт койгон кыймыл тез арада мамлекеттик комиссия түзүлүп, Алатоо аянтындагы уруп-сабоолорду, талап-тоноолорду уюштурган адамдарды ачыктоону, кызматтан четтетилген президент Аскар Акаевдин өлкөгө келишин уюштуруусун талап кылды. Саясий кыймыл ошондой эле мурдагы мамлекеттик катчы Осмонакун Ибраимов менен президенттик администрация жетекчиси Тойчубек Касымовдун мамлекеттик төңкөрүшкө жеткиргени үчүн жоопко тартылышын, мамлекеттик комиссияга «Акыйкат» кыймылынын үч мүчөсүнүн киргизилишин талап кылды. Эгер бул талаптар 31-мартка чейин аткарылбаса өлкөнүн ар кайсы аймактарындагы калк атуулдук каршылык билдирген аракеттерге барып, күтүүсүз кесепеттерге алып келээрин билдирди.

XS
SM
MD
LG