Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:38

Эл өкүлдөр жыйыны тарады


БИШКЕК. 29-мартта Жогорку Кеңештин Эл өкүлдөр жыйыны ырасмий түрдө өз ишин токтотту. Палатанын акыркы жыйынына президенттин милдетин аткаруучу, өкмөт башчы Курманбек Бакиев, Конституциялык соттун төрайымы Чолпон Баекова катышты. Жыйын соңунда кайрылуу кабыл алынды.

Анда Эл өкүлдөр жыйынынын 24-мартта кезексиз сессияга чогулуп, кырдаалды турукташтыруу боюнча кабыл алган чечимдери тууралуу маалымат берилген. Ал чечимдерге ылайык Курманбек Бакиев премьер министрликке дайындалып, ушул жылдын 26-июнуна мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо күнү белгиленди. Ушуну менен Кыргыз республикасынын президентинин мөөнөтүнөн мурда кетиши жана мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо өткөрүү жөнүндөгү кыргыз калкынын каалоосу аткарылды. Бирок элдин басымдуу бөлүгүнүн жаңы парламентти шайлоо жөнүндөгү талабы аткарылбай калды, деп айтылган кайрылууда.

«Жаңы Жогорку Кеңеш төрагасын шайлап, Бакиевди өкмөт башчылыкка бекиткенин эске алып, абалды турукташтыруу максатында Эл өкүлдөр жыйыны ишин токтотууну туура тапты», деп жыйынтыкталган кайрылуу. Мыйзам чыгаруу жыйыны өз ишин дүйшөмбү күнү токтоткон эле.

XS
SM
MD
LG