Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:11

А.Акаев коңшу өлкөлөрдүн президенттерин күч колдонууга чакырды


БИШКЕК. Кыргызстандын кызматтан четтетилген президенти Аскар Акаев «Эхо Москвы» үналгысына берген интервьюсунда ыңкылаптан кийин Бишкекте талап-тоноолор болгону үчүн өзүн күнөөлүү деп сезип, өкүнүп тургандыгын билдирди. Ошону менен бирге саясатта өзү кетирген каталар көп экендигин да айтты. Демократия өзүн-өзү коргой албасын белгилеп, аны күч колдонуу менен да сактоо керектигин Орто Азиядагы президенттерге эскертти. Кыргызстанда ыңкылаптын болушуна сырткы күчтөр, анын ичинде демократияны ушундай жол менен көчүрүүнү каалаган айрым мамлекеттер түрткү болгондугун билдирди. Өзүн мыйзамдуу шайланган президент экендигин баса белгилеген Аскар Акаев Интернет аркылуу буга чейин таратылган эки кайрылуусун өз колу менен жазгандыгын жана уул-кыздарынын депутат болуп шайланышы мыйзам ченемдүү көрүнүш экендигин билдирди. Андан тышкары «Хизб ут-Тахрир» сыяктуу экстремисттик күчтөр кырдаалдан пайдалануу коркунучу күч экендигин белгиледи. Ал эми Кыргызстандагы бейөкмөт уюмдар коалициясынын президенти Эдил Байсалов азыр Аскар Акаевден кызматынан баш тарткан арыз берүүсүн талап кылуу зарылдыгын билдирди.

XS
SM
MD
LG