Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Февраль, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:20

Ирак парламентинин экинчи жыйыны башталды


Ирак парламентинин экинчи жыйыны бүгүн кечигүү менен башталды, анткени өлкөнүн жаңы өкмөтүн түзүү боюнча сүйлөшүүлөр бүгүн эртең менен дагы уланды. 30-январда шайланган парламенттин буга чейин ачылыш сессиясы гана болгон жана бүгүндөн тартып ал кадимки жумушка киришет, парламенттин спикери менен анын эки орун басары шайланууга тийиш. Негизги сүйлөшүүлөр шайлоодо биринчи жана экинчи орунга чыккан шийилер менен күрддөр партиялары ортосунда жүрүүдө.

XS
SM
MD
LG