Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:34

Бириккен Улуттардын программасындагы коррупция боюнча отчет даярдалды


Бириккен Улуттардын "Мунай үчүн азык түлүк" деп аталган программасынын алкагында орун алган коррупция боюнча отчеттун биринчи варианты түндө уюмдун баш катчысы Кофи Аннанга тапшырылды. Кээ бир эксперттердин айтымында, отчетто Аннан өзү дагы сынга алынат, анткени анын уулу иштеген компания программанын алкагында бир нече контракт алган. Анткен менен Аннандын жардамчысы Фред Экхарддын айтымында, баш катчынын уулу менен байланыштуу маселе анча деле орчундуу эмес:

- Баш катчынын уулунун компаниясынын мааниси өтө деле жогору болгон эмес жана контракттарды алууга анын таасири ченелүү гана болчу. Ички текшерүү дагы ошону көрсөткөн жана Кофи Аннан ага ишенет.

Аннандын уулу Кожо швейцариялык "Котекна" деген компания үчүн иштеген жана Ирактын мунайын алып, ага азык-түлүк жеткирүү боюнча контрактка кол койгон.

XS
SM
MD
LG