Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:01

А.Акаев Кант аба майданынан учкан эмес


БИШКЕК. 30-мартта Канттагы Орусиянын авиабазасынын жетекчилиги маалымат жыйынын өткөрүштү. Анда Кыргызстан менен Орусиянын ортосундагы мамиле, ар тараптуу кызматташтык мурдагыдай эле кала бере тургандыгын маалымдашты. Ошондой эле Кыргызстандын Коргоо министрлигинин жаңы жетекчилиги менен мурда пландаштырылган иштерди аткара беришерин, 29-марттан 4-апрелге чейин Тажикистанда өтүүчү Жамааттык коопсуздук келишими уюуна мүчө өлкөлөрдүн машыгуусуна Кыргызстандын жоокерлери да катышып жатканын белгилешти.
Канттагы Орусиянын авиабазасынан кызматтан четтетилген Аскар Акаев 24-мартта учпаганын билдиришти.

XS
SM
MD
LG