Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:32

Айрым бейөкмөт уюмдар президентке импичмент жарыялоону сунуштоодо


БИШКЕК. 30-мартта “Демократия жана атуулдук коом” коалициясы баштаган бир катар бейөкмөт уюмдар 29-мартта Орусиянын “Эхо Москвы” үналгысынан президент Аскар Акаевдин билдирүүсүн “Интербилим” борборунда талкуулашты. Талкуу соңунда Жогорку Кеңештин спикери Өмүрбек Текебаевге, президенттин милдетин аткаруучу жана убактылуу өкмөттүн башчысы Курманбек Бакиевге кайрылуу жолдошту. Анда алар президент Аскар Акаев менен сүйлөшүүгө каршылыктарын билдиришкен. 24-марттагы ыңкылапта Акаев мамлекетти жана элди таштап качып кеткендиги, анын кеңсесинен коррупцияга байланыштуу иш кагаздарынын табылышы, бийликке ээлик кылуу аракети сынга алынган. “Президент эл алдында берген антты бузуп, өзүнүн жооптуу милдетин арнамыстуулук менен аткаралган жок” деп айтылат кайрылууда. Буга байланыштуу Жогорку Кеңеш тарабынан атайын комиссия түзүлүп, Аскар Акаевге импичмент жарыяланышы сунушталган.

XS
SM
MD
LG