БИШКЕК. 30-мартта Бишкекте Жогорку Кеңештин төрагасы Өмүрбек Текебаев АКШнын Кыргызстандагы элчиси Стивенг Янг менен жабык эшик артында сүйлөштү. Алар өлкөдөгү кырдаал боюнча пикир алышты. Сүйлөшүүдөн соң алар журналисттер менен жолугушуп, талкууланган маселелер жөнүндө маалымат беришти. Элчи Стивенг Янг Кыргызстанда орун алган соңку окуяларга байланыштуу эки өлкөнүн бири биринин алдындагы милдеттемелери бир аз өзгөрдү, бирок кызматтышуулар мурдагыдай нукта улантылат деп билдирди. Өмүрбек Текебаев айткандай, тараптар учурда Кыргызстанда башкы ураандар: мыйзамдуулук, туруктуулук жана тартип болушу керек деген бир пикирде экендигин билдиришти.