Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:51

Кыргызстанды дүйнөлүк коомчулугу колдоодо


БИШКЕК. Дүйнөнүн көптөгөн өлкөлөрүнүн тышкы иштер мекемелеринин жетекчиликтери Кыргызстандын азыркы өкмөтүнө колдоо көрсөтүшөөрү жөнүндө билдиришүүдө. Бул тууралуу өлкөнүн тышкы иштер министринин милдеттерин убактылуу аткаруучу Роза Отунбаева 30-мартта чет өлкөлүк маалымат каражаттары үчүн берилген пресс-конференцияда билдирди. Отунбаева буга чеийн телефон аркылуу АКШнын мамлекеттик катчысы Кондолиза Райс, Европа Биримдигинин тышкы саясат жана коопсуздук боюнча комиссары Хавьер Солана, Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров жана башка өлкөлөрдүн тышкы иштер министрликтеринин жетекчилери менен сүйлөшкөндүгү жөнүндө да айтып өттү. Отунбаева ошондой эле Аскар Акаев оппозиция өкмөт үйүн алууга алдын ала даярдыктарды көргөн деп «Эхо Москвы» радиосунан маалымдаганы негизсиз экенин билдирди. Анын айтымында, оппозиция акча топтоп, боз үйлөрдү тигүүгө даярданып, бир жумабы, эки жумабы туруп, бийликке тынч жол менен каршылык көрсөтүүгө ниеттенген.

XS
SM
MD
LG