Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:57

ПРЕЗИДЕНТТИН ҮЙ-БҮЛӨСҮНҮН МҮЛКҮ ЭМНЕ БОЛОТ?


Өлкөдөн чыгып кеткен президент Аскар Акаев өз декларациясында ашыкча мүлкү жок экенин жарыялаган. Бирок маалымат каражаттарында жана коомчулук арасында президенттин үйбүлөсүнүн эсепсиз байлыгы жөнүндө көп сөз болуп келген. Эми ал мүлктүн тагдыры эмне болуш керек?

Аскар Акаев өзүнүн кирешеси жөнүндө жыл сайын маалымат таратып келет. Маселен, 2002-жылы Акаевдин үйбүлөсү 200 миң доллар иштеп тапса, 2003-жылы 230 миң доллар тапканы маалымдалган.

Андан сырткары анын менчигинде 1995-жылдагы "Мерседес" маркасындагы автоунаа, квартира бар экендиги президенттин декларациясында айтылган.

Бирок “МСН” гезити февраль айындагы макаласында Аскар Акаевдин үйбүлөсүнө тиешелүү фирма, ишкана, кыймылсыз мүлктөрдүн тизмесин келтирип, өлкөдөгү бардык кирешелүү тармактар президент үйбүлөсүнүн көзөмөлүндө тураарын жарыялаган. Алардын ичинде Канттагы цемент-шифер, Кайыңды кант заводу, алкоголь тармагы жана башка ишканалар аталган.

2001-жылы Америкадагы террордук чабуулдан улам антитеррордук коалициянын аскердик аба күчтөрү “Манас” аба майданына жайгашкан. Көптөгөн аскерий учактар үчүн авиакеросин керектелери айкын болгон. Ошондуктан парламент 2002-жылы авиакеросинге акциздик салык киргизген.

Бирок президенттин күйөө баласына таандык деп айтылып келген “Аалам сервис” жана “Манас интернешл” фирмалары ал салыкты төлөбөй, бюджетке бир жыл ичинде эле 460 миллион сомдук зыян алып келишкен. Мындай көрүнүштөр өтө эле арбын экендиги белгилүү.

Өлкөдөгү эң көп нускалуу, демек эң кирешелүү “Вечерний Бишкек” гезити да күмөндүү жолдор менен президенттин үйбүлө мүчөлөрүнүн көзөмөлүнө өткөн.

Ал мүлктү кайтарып алуу боюнча Бишкек шаарындагы Свердлов райондук сотуна арыз менен кайрылганын “МСН” гезитинин башкы редактору Александр Ким 30-мартта билдирди:

- Биз сотко кайрылдык. Эми ал кандай чечет күтүп турабыз. Ал эми мамлекеттик ишканалардын акциясы үчүн төлөнбөй президент үйбүлөсүнүн менчигине өтсө аны мамлекетке сөз жок кайтарыш керек. Ал эми андай ишканалар өтө көп экени маалым. Бул маселе атайын комиссия тарабынан текшерүүгө алынууга тийиш. Биз гезитибиз аркылуу бул маселелерге кайрылабыз.

Президентке таандык деп эсептелген мүлктөрдүн кимдики экендигин тактоо боюнча атайын комиссия иштеш керек дейт Жогорку Кеңештин мурунку депутаты Валерий Диль:

- Мамлекеттик комиссия түзүп, ири ишканалардын кандай иштегенин, алардын каражаттары кайда кетип жатканын текшерип чыгыш керек. Ал эми Акаевдин мүлкү мыйзамдуу жол менен табылган болсо өзүнө калтырып, коррупциялык жол менен алынгандарды мамлекетке, элге кайтаруу керек.

Бул маселенин үстүндө ойлонуп жатышкандыгын “Атуулдук коом коррупцияга каршы” өкмөттүк эмес уюмунун лидери Төлөкан Исмаилова да кабарлады.

Коррупциялык иштер дыкат иликтенерин башкы прокурордун милдетин аткаруучу Азимбек Бекназаров да билдирүүдө.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG