Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:40

БУУнун ветеринардык эксперттери Түндүк Кореяга жиберилди


Алар куштардын сасык тумоосунун канчалык коркунучтуу экенин аныктап, илдеттин жайылып кетишин алдын алуучу чараларды уюштурууга жардамдашат. Жекшембиде Пхеньян өлкөдө куштардын сасык тумоосу катталганын биринчи жолу мойнуна алды. Вируска чалдыккан миңдеген тоок жок кылынды. БУУнун Азык-түлүк жана айыл чарба уюму маалымдагандай, Түндүк Кореянын өкмөтү сасык тумоо 2 же 3 фермада катталганын билдирди.
Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму вирус бара-бара адамдан адамга жугуучу формага айланып кетиши ыктымал деп эскертишүүдө. Дарыгерлер бул өз кезегинде пандемияга алып келет деп чочулашат.

Дүйнөдөгү соңку жаңылыктарды Прагадан Айнура Жекше кызы даярдады.

XS
SM
MD
LG