АКШнын федералдык апелляциялык соту 15 жылдан бери эсин жоготуп жаткан Терри Шайвону жасалма жол менен азыктандыруу маселесин кароону дагы бир жолу четке какты. Буга чейин Терри Шайвонун ата-энеси ушул эле маселе боюнча Фдералдык жана жогорку сотторго кайрылышкан эле, бирок алар бул ишти кароодон баш тартышкан. 18-мартта Флорида штатынын соту Шайво айымдын күйөөсүнүн арызын карап, Шайвону жасалма жол менен азыктандырууну токтотуу чечимин кабыл алган эле.