Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 17:41

“Ал-Жазира” барымтадагы румыниялык журналисттерди көрсөттү


Араб тилинде обого чыгуучу “Ал-Жазира” телеканалы ирактык козголоңчулар жиберген жаңы видеотасманы көрсөттү. Тасмада румыниялык 3 журналист жерде олтурат, ал эми алардын артында бети-башын чүмкөп алган эки киши куралдарын аларга такап турушат. Аталган 3 журналист дүйшөмбү күнү уурдалып кеткен эле. “Ал-Жазиранын” маалыматына ылайык, барымтачылар азырынча эч кандай талаптарын айтыша элек. Румыния Иракка 800 аскер жиберген.

XS
SM
MD
LG