Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Октябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:11

Иракта дагы кан төгүлдү


30-мартта Ирактын Мосул шаарындагы блокпостко куралчан адамдар кол салышты. Жалпысынан алты адам өлгөнү кабарланууда. Бирок азырынча алардын канчасы кол салуучулар, канчасы ирактык тургундар экени белгисиз. Ошол эле күнү Багдаттын түштүгүндө козголоңчулар зыяратка жөнөгөн адамдардын тобуна кол салышкан. Бир адам өлүп, экөөсү жаракат алганы белгилүү болду. Ал топ шийи-мусулмандарынын ыйык шаары Кербалага зыярат кылганы бараткан болчу.

XS
SM
MD
LG