Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:58

ЕККУнун төрагасы Д.Рупель беш тараптуу сүйлөшүү өткөрүүнү сунуштайт


Димитрий Рупелдин айтымында, Кыргызстандагы ыңкылап учурунда курман болгондор жана талап-тоноочулук болду. Бул жагынан Кыргызстандагы ыңкылап Украина менен Грузиядагыдан айырмаланды.

Рупел убактылуу өкмөттүн биринчи милдети тартипти орнотуп, туруктуулукту камсыз кылууга тийиш дейт. Аны Кыргызстандын экономикасынын абалы катуу тынчсыздандырып турат. Мындай ойлорун Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун азыркы төрагасы, Словениянын тышкы иштер министри Димитрий Рупель "АКИпресс" агенттигине берген интервьюсунда билдирди.

Анын пикири боюнча ЕККУ, Европа биримдиги, Орусия жана Кошмо Штаттарынын жана Кыргызстандын өкүлдөрү жакын арада жолугушуп, Кыргызстанга кандай жардам берүү зарылдыгы боюнча сүйлөшүүлөрдү өткөрүү керек.

31-мартта Д.Рупель Кыргызстандын тышкы иштер министринин милдетин аткаруучу Роза Отунбаева менен жолугушту.

XS
SM
MD
LG