Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:15

К.Бакиев баардык массалык маалымат каражаттары эркин болушу керек деди


Президенттин милдетин аткаруучу премьер-министр К.Бакиев 30-мартта кечинде КТР аркылуу суроолорго жооп берген учурда баардык массалык маалымат каражаттары бийликтен эркин болууга тийиш деп билдирди. Анын пикиринде өкмөттүк ММКлар дагы так, туура маалымат бериш үчүн эч кимдин көзүн карабаш керек.

Кыргыз улуттук телерадиокорпорациянын жаңы жетекчилигине болгон нааразылыкка токтолгон Курманбек Бакиев жамаатка жаңы жетекчилерди таңуулайын деген ойдон алыс болгонун, болгону мамлекеттик катчы Дастан Сарыгуловго жаңы жетекчиликти жамаатка тааныштырып, сунуштаганда жамааттын пикирин угуп көрүңүз деп айтканын түз ободо билдирди.

К.Бакиев КТР коомдук канал болсун деген демилгени колдой тургандыгын айтып, бул элге так, туура маалымат берүүгө өбөлгө түзөт деген ишенимде экенин кошумчалады.

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG