Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:54

Дыйкандар жазгы талаачылык жумуштарына тынчсызданышууда


ОШ. Кыргызстанда болуп өткөн саясий окуяларга байланыштуу коңшулаш Өзбекстан өз чегараларын жаап койгон эле. Мындай абал учурда жазгы талаа жумуштарын баштап жатышкан Карасуу, Араван, Ноокат жана Өзгөн райондорунун дыйкандарына терс таасирин тийгизүүдө. Айыл чарбасын өнүктүрүү боюнча коомдук бирикменин менеджери Абдысамат Кадыров аймакта жер семирткичтердин, химикаттардын жана техникалык тетиктердин тартыштыгы байкалып жаткандыгын, ал эми майлоочуу жана күйүүчү майларга болгон баалардын жогорулагандыгын билдирди. Ош облусундагы бир катар дыйкан чарбаларынын жетекчилери кыргыз-өзбек чегарасын ачуу боюнча убактылуу өкмөт ырасмий Ташкен менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзбөсө, бул абал айыл-чарбасы үчүн чоң жоготууларды алып келиши мүмкүн дешип тынчсызданууда.

XS
SM
MD
LG