Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Февраль, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:24

Өзбек чегарачылар Кыргызстандыктардын укуктарын чектеп жатат


БАТКЕН. Облус борборуна Сох анклавы аркылуу каттоого аргасыз болгон Баткендин Дар аймагынын айрым тургундарынын “Азаттыкка” билдиришкенине караганда, өзбек чегарачылары Кыргызстандагы соңку кырдаалга байланыштуу күчөтүлгөн тартип киргизилгенин шылтоолоп, Кыргызстанга тиешелүү автоунааларды болбогон шылтоолор менен узакка кармап, элди жүдөтүп жатышат. Маселен, 31-март күнү да Дар аймагынан Баткен шаарына келе жаткан автобусту бир сааттай кармап, жүргүнчүлөрдүн азык-түлүктөрүнө дейре документ талап кылышкан. Сох анклавын аралап өткөн Ош-Баткен жолу аркылуу каттаган жүргүнчүлөр да ушундай эле мамилеге тушугууда. Облустук координациялык кеңештин төрага орунбасары Султан Айжигитовдун билдиргенине караганда бул маселени жеңилдетүү боюнча өзбек тарап менен сүйлөшүүгө жасалган аракеттерден азырынча эч кандай майнап чыга элек. Тактап айтканда, өзбек тарап сүйлөшүүдөн баш тартууда.

XS
SM
MD
LG