Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Январь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:17

Кадрларды алмаштыруу уланууда


БИШКЕК. Премьер-министрдин буйругу менен Суранчиев Абдылда ички иштер министринин орун басары, Касымов Камбаралы айыл, суу жана өнөр жайды кайра иштетүү министринин орун басары, Нуржанов Жумасарлык мамлекеттик сатып алуулар жана материалдык резервдер боюнча мамлекеттик комиссиянын төрагасы болуп дайындалды. Материалдык резервдер боюнча мамлекеттик комиссиянын кызматтан алынган төрагасы Бактияр Сулеймановдун өлкөдөн чыгып кеткендиги тууралуу маалыматтар айтылууда.

Ушул эле күнү тиешелүү буйруктарга ылайык мындан тышкары бир катар министрликтердин төрт орун басары кызматтан алынды. Алардын катарында Абдурашидов Акасбек, Акаев Султан, Баженов Сергей, Малабеков Замирбек бар.

XS
SM
MD
LG