Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Сентябрь, 2026-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 10:02

Андрей Кокошин менен Курманбек Бакиев, Өмүрбек Текебаев жолугушту

БИШКЕК. 31-мартта Бишкекте өкмөт үйүндө президенттин милдетин аткарып жаткан премьер-министр Курманбек Бакиев Орусия мамлекеттик думасынын КМШ жана мекендештер менен иштөө комитетинин төрагасы Андрей Кокошинди кабыл алды.

Тараптар өлкөдөгү акыркы окуяларга, жагдайды стабилдештирүүгө, социалдык-экономикалык абалды чыңдоого байланышкан маселелерди талкуулашты. Бакиев жолугушууда Кыргызстанда тамак-аш коопсуздугун камсыздоо башкы маселелердин бири болуп жатканын белгилеп, Орусиянын колдоосун сурады. Кокошин өз кезегинде кызматташтыкка Орусиянын дайыма даяр экенин билдирди. Эки өлкөнүн карым-катышына, өлкөдөгү кырдаалга байланышкан маселени ушул эле күнү Кокошин Жогорку Кеңештин төрагасы Өмүрбек Текебаев менен да талкуулады.
XS
SM
MD
LG