БИШКЕК. Коллективдүү коопсуздук келишими уюмуна кирген өлкөлөрдүн аскерий машыгуулары 2-апрелден 6-апрелге чейин Тажикстанда өткөрүлөт. Кыргызстандын Коргоо министринин маалымат кызматынын кабарлоосуна караганда, аскерий машыгууга Кыргызстандан 25 аскер кызматкери катышат. Коллективдүү коопсуздук келишимине Орусия, Казакстан, Тажикстан, Кыргызстан, Белорусия өлкөлөрү мүчө.